11
Январь
2018
Мирлан Омуралиев КР Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков буйрукка кол койду, ага ылайык, Омуралиев Мирлан Жумабекович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү