12
Январь
Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жаш мекендештерибиздин биринчи жолу алып жаткан паспортторун тапшырды.
Бүгүн, калкты тейлөө Борборунда 20 жаран, ар бир борбор калаанын районунан бештен адам паспортторун алышты. Жакын арада бекер паспортторду берүү бүт өлкө боюнча жүргүзүлөт.
Паспортторду тапшырып жатып вице-премьер-министр ал бала кезинде биринчи документтерин бекер алганын белгиледи. “Биз ошол салтка кайрылып баруубуз керек. Паспортторду берүү биздин ички резервдердин эсебинен жургүзүлөт. Жаңы жыл алдында Өкмөт жаш жарандарга белек катары бекер документ берүүнү чечкен. Бир жылда 114 миңге жакын адамды паспорт менен камсыздоо каралууда”,-деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү