19
Январь
Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Москва шаарында (Россия Федерациясы) өткөн Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.
Иш-чара Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын төрагалыгы астында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Игорь Петришенконун, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Аскар Маминдин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда өттү.
Кеңешмеде Евразиялык экономикалык биримдиктин санариптик күн тартибине, бажы кызматташтыгына, келечектеги интеграцияны тереңдетүүгө, ошондой эле эл аралык ишмердүүлүккө тийиштүү 24 маселе каралды.
ЕАЭБ алкагындагы интеграциялык долбоорлор, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жарандарын жумуштуулук менен камсыздоо үчүн санариптик экотутум моделин иштеп чыгуу, интеграциялык биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн бюджеттери аралык киргизүү бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдери жана башка маселелер талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча тараптар аркылуу Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө-мамлекеттердин мындан аркы интеграциясына багытталган бир катар документтер жактырылды.
[su_carousel source="media: 128077,128078" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel][/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү