25

Февраль

2019

Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Москва шаарында (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Иш-чара Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григоряндын төрагалыгы алдында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын биринчи орун басары – финансы министри Антон Силуановдун, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Игорь Петришенконун, Казакстан Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаевдин жана ЕЭК Коллегия төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда өттү.

Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБ алкагында интеграцияны тереңдетүүгө, сооданы өнүктүрүү, бажы жана техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык чараларын көрүүгө байланыштуу 24 маселе каралды.

Маанилүү маселелердин бири катары Россия жана Казакстандын бажы кызматтарынын навигациялык пломбаларды колдонуу менен автомобилдик транзиттик ташуу мониторинги боюнча эксперименттин жыйынтыктары тууралуу отчету болду. Маселени талкуулаган соң эксперименттин жыйынтыктарын изилдөө жана ЕАЭБ алкагында навигациялык пломбаларга бирдиктүү талаптарды түзүү маселесин иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Ошону менен бирге келечектүү интергациялык долбоорлор, инвестициялык долбоорлорду тандоо критерийлери, ошондой эле бажы чек арасында жана ЕАЭБ алкагында карантиндик продукцияларга жана объекттерге коюлган Бирдиктүү карантиндик, фитосанитардык талаптарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси каралды.

Мындан тышкары жыйындын катышуучулары тарабынан үчүнчү өлкөлөр менен өз ара соода алакаларындагы техникалык тоскоолдуктарды четтетүү тартиби жана шарттары жөнүндө Келишимдин долбоору жактырылды жана ЕАЭБ жана Кытай бажы чек аралары аркылуу өткөн эл аралык ташуудагы товарлар жана транспорттук каражаттар тууралуу маалымат алмашуу жөнүндө Келишимдин долбоору каралды.

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын соңунда бир катар ченемдик-укуктук документтерге өзгөртүүлөрдүн долбоорлору, ошондой эле ЕЭК Кеңешинин графитирленген электроддордун айрым түрлөрүнө карата ЕАЭБ Бирдиктүү бажы тарифинин ташуу бажы төлөмүнүн ченин белгилөө тууралуу чечиминин долбоору жактырылган.

Ошону менен бирге ЕЭК Кеңеши тарабынан ЕЭАБ чек арасы аркылуу өткөн эл аралык ташуудагы товарлар жана транспорттук каражаттар тууралуу маалымат берүү курамы, түзүмү, форматы, мезгилдүүлүгү жана тартиби аныкталды.

[su_carousel source="media: 129702,129703" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 124252,124253,124254" link="attachment" title="no"]Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барды. Алтынай Өмүрбекова бир катар социалдык объектилердин иши менен таанышып, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Ордо айылындагы орто мектептин, ошондой эле Өзгөн шаарындагы Таштак аймагындагы балдар бакчасынын ачылышына катышты. Вице-премьер-министр баса белгилегендей, Өкмөт аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат жана социалдык объектилерди куруу жана оңдоо иштерин улантууга ниеттенүүдө. Ал ырастагандай, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбеков тарабынан Аймактарды өнүктүрүү жылы катары жарыялоонун алкагында кошумча жумуш орундарын түзгөн аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кластердик мамилени киргизүү [/su_carousel]  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү