08
Декабрь
2018
Москвада КМШ Экономикалык кеңешинин 80-жыйыны өттү
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Москва шаарында (Россия Федерациясы) тажик тараптын төрагалыгы астында өткөн Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 80-жыйынына катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө санариптик экономиканын өнүгүү шартында КМШга мүчө-мамлекеттердеги атаандаштык саясаттын уюштурулушуна байланыштуу маселелер каралды.
Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин темир жол транспортунда макулдашылган баа саясатын бекитүү Концепциясы тууралуу чечимин ишке ашыруу жөнүндө маалымат угулду.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча тараптар 9 чечимге кол коюшуп, ошондой эле КМШ Экономикалык кеңешинин 3 протоколдук чечими кабыл алынды.
[su_carousel source="media: 126699,126700,126701,126702" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel]
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү