15

Ноябрь

2018

Мухаммедкалый Абылгазиев: Өкмөттүн ишмердиги аймактарды өнүктүрүүгө жана экономикалык камсыздоого багытталган

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердиги аймактарды өнүктүрүүгө жана экономикалык камсыздоого багытталган», - деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө. Пленардык жыйында «2017-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышынын отчёту», «Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорлору каралды.

Өз сөзүндө Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Президентинин «2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыгынын алкагында 2018-жылы ишке ашырылган иш-чараларга токтолду.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишмердиги өлкө аймактарын мындан аркы өнүктүрүү жана экономикалык өсүүсүн камсыздоого багытталган. Аймактарда айыл чарба жана текстилдик өнөр жай тармактарында 2 кластерди жүзөгө ашыруу боюнча мастер-пландар иштелип жатат. Жергиликтүү бюджеттин кирешесин бекемдөө максатында 2019-жылы жергиликтүү бюджеттердин пайдасына киреше салыгынан 50%дан 70%га чейин которуу ченемдерин көбөйтүү сунушталууда. Жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн потенциалын бекемдөө максатында киреше салыгын бөлүштүрүү көлөмүн жергиликтүү бюджеттин пайдасына 50%дан 70%га чейин көбөйтүү каралууда, ушунун эсебинен аларга 2,1 млрд сомдон ашуун кошумча булактар берилет», - деди ал.

Өкмөт башчы белгилегендей, келечекте киреше салыгын жыйноо жана пайдаланууну толугу менен жергиликтүү бюджетке которуу пландалууда.

«2019-жылдын республикалык бюджетинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине түрткү берүү максатында өздөрүнүн кирешелерин көбөйтүү боюнча 100 млн сом салынды. Мамлекеттик экономикалык саясатындагы чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында аймактардагы өндүрүштү жандандыруу үчүн 2019-жылдын бюджетине 2 млрд сом каралды. Бул каражаттар аймактарда экономикалык активдүүлүккө дем берүү боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн багытталат», - деди ал.

[su_carousel source="media: 125748,125749,125750,125751" link="image" title="no"][su_carousel source="media: 125694,125695,125696" link="attachment" title="no"] [/su_carousel][/su_carousel]

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү