02

Сентябрь

2016

Мухемметкалый Абулгазиев: Табият кырсыгынан жабыркаган үйлөргө кыш түшкөнчө жардам берип жетишүү керек

Табият кырсыган жабыркаган үйлөргө кыш түшкөнчө жардам берип жетишүү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев Ош облусуна болгон эки күндүк жумуш сапарынын алкагында Алай районундагы Коңур-Дөбө жана Бүлөлү айылдарындагы табият кырсыгынан жабыркагандардан кабар алууга барганда билдирди.

Биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев аймакта 2015-жылдын 17-ноябрында катталган жер титирөөдөн жабыркаган тургундарга көрсөтүлгөн жардамдарды аягына чыгаруу зарыл экенин баса белгиледи.

Андан чыгып, Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылындагы 50 орундуу оорукананын жана Кара-Тейит айылындагы Ак-Суу орто мектебинин курулуш иштери менен таанышып, жүрүп жаткан курулуш иштерин тез арада аягына чыгарууну тапшырды.

Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр Ош шаарындагы Озгур айылындагы 100 орундуу бала бакчанын ачылышына да катышты. Мектепке чейинки билим берүү тармагын жакшыртуу жана бала бакча тартыштыгын жоюуга багытталган Өкмөттүн программасынын негизинде, бала бакчанын курулушу толугу менен республикалык бюджеттен каржыланды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү