11

Декабрь

2019

М.Абылгазиев: Автоматташтырылган системаны жана посттордогу текшерүүчү комплекстерди бириктирген аналитикалык платформаны түзүү санариптештирүүнүн, фискалдаштыруунун кийинки кадамы болот

Автоматташтырылган системаны жана посттордогу текшерүүчү комплекстерди бириктирген аналитикалык платформаны түзүү санариптештирүүнүн жана фискалдаштыруунун кийинки кадамы болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Санариптештирилген командалык борбордо өткөн жыйында билдирди. 


Иш-чарада салыктык фискалдаштыруу жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү маселелери талкууланды. 


«Жогоруда айтылгандар Өкмөттүн ишмердүүлүнүн артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Салыктык фискалдаштыруу жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү маселелери санариптештирүү саясатынын алкагындагы маанилүү милдеттерден.  Бул багыттагы жумуштар мамлекеттик бюджеттин кирешесин бир кыйла көбөйтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, аткезчилик аркылуу кирген товарларды кыскартуу менен көзөмөлдөөнүн ачык-айкын  механизмин киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт», - деди Премьер-министр.


Мухаммедкалый Абылгазиев салыктык фискалдаштыруунун алкагында 

патент электрондук формада берилүүдө, электрондук салык отчетун берүү системалары иштеп жатат, электрондук эсеп-фактураларын колдонуу боюнча пилоттук долбоору уланууда, ал эми 2020-жылдын 1-июлунан тартып алкоголдук жана тамеки продукцияларына санариптик маркировканы милдеттүү түрдө колдонуу киргизилип жатканын белгиледи. 


«Ак-Тилек», «Чалдовар», «Чоң-Капка» көзөмөл-өткөрүү пункттарында автоматташтырылган салмак-габариттик көзөмолдөө системасы орнотулду. Мындан тышкары бажы жол-жоболорун санариптештирүүнүн алкагында  9 постко 472 видеокамера, 5 өткөрүү пунктуна инспекциялык-кароо комплекстери орнотулду. Аткарыла турган кийинки кадам, бажы жол-жоболорун санариптештирүүнун алкагында бардык системаларды жана комплекстерди бириктирүүчү аналитикалык платформаны түзүү болуп саналат. Бул аналитикалык система бажыдагы мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө шарт түзөт жана бажы жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылат», - деди Өкмөт башчы. 


Жыйындын соңунда тармактык мамлекеттик органдарга 2020-жылы ишке бериле турган салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагындагы системаны сапаттуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу, бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча мекемелик жумуш топ түзүү, жүктү бажы постунан убактылуу сактоочу кампага чейин жеткирүүдө жүк ташуучу транспорт каражаттарын мониторинг кылуу боюнча аналитикалык системаны иштетүү тапшырмасы берилди.