08
Май
Муктаж жарандарга гуманитардык жардам берүү үчүн каражаттар топтолгон расмий түрдө эки гана эсеп бар
Өзгөчө абал жарыялангандыгына байланыштуу калктын муктаж катмарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды жыйноо боюнча алдамчылык учурлары көбөйдү.
Анын ичинде мамлекеттик уюмдарга, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнө жана жарандарга бейтааныш адамдардан белгисиз эсептерге акча каражаттарын которуу тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын атынан делген чалуулар түшүүдө.
Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул чалууларга жана эсептерге эч кандай тиешеси жок экендигин белгилейт. Ошону менен бирге укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан алдамчыларды аныктоо жана кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
COVID-19 менен күрөшүү боюнча иш-чараларга ыктыярдуу финансылык жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар төмөнкү реквизиттер боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казначылыгына каражаттарды которо алышат:
Алуучу банк: «Айыл Банк» ААК
БИК 135001
Эсеби: 1352119927702865 (сом менен):
Алуучу банк: «РСК Банк» ААК
БИК 129001
Эсеби: 1299004130020044 (сом менен)
Белгисиз эсептерге акча каражаттарын которуу иретинде гуманитардык жардам көрсөтүү боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан делген бейтааныш адамдардын чалуулары болгон шартта Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл.