21

Май

2019

Мурат Мукамбетов Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду

Мурат Мукамбетов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан берген арызына ылайык бошотулду. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш  операторун түзүүнүн, Ачык Өкмөт Улуттук форумунун Катчылыгынын жетекчилигинин ишмердүүлүгүнүн айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү