18

Февраль

2020

Мырзабек Жыпаркулов Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын директору болуп дайындалды

Жыпаркулов Мырзабек Жыпаркулович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору болуп дайындалды. 

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.