08
Январь
Өнөр жай отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүм башчысы
ОМОРОВ Азамат Каныбекович
1983-жылы туулган.
Билими жогорку. 2006-жылы И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетин (КМТУ) «электрдик камсыздоо» адистиги боюнча аяктаган. «Электрдик камсыздоо» багыты техникасынын жана технологиясынын магистри.
Эмгек жолу:
04.2005 – 04.2007-жж. - Энергетика боюнча «Энергия» Кыргыз илимий-техникалык борбору, Өнөр жай жылуулук энергетикасы лабораториясынын инженери;
04.2007 – 02.2010-жж. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги, электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү бөлүмүнүн алдыңкы адиси;
02.2010 – 07.2012-жж. - Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, башкы адис, энергиянын жаңырып туруучу булактары жана энергияны үнөмдөө бөлүм башчысынын орун басары;
07.2012 – 07.2016-жж. – КР Өкмөтүнүн Аппараты, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн эксперти;
07.2016 – 07.2018-жж. - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, төраганын орун басары;
07.2018-жылдан – азыркы учурга дейре - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнүн башчысы.