17

Январь

2015

Лейлек чекара отрядынын “Айкөл” чекара тозотуна куралдуу кол салуу болду

Кечээ, 16-январда, саат 22:50 чамасында белгисиз адамдар тараптан Лейлек чекара отрядынын “Айкөл” чекара тозотуна куралдуу кол салуу болду. Куралдуу кол салуунун натыйжасында чекара тозотунун начальниги, ага лейтенант Т.М.Исмаилов каза болгон. Чекара тозотунун начальнигинин орун басары, лейтенант Н.Р. Осмонов жана катардагы жоокер Ж.Сагынбай уулу жараат алган. Жараат алган аскер кызматкерлери Исфана шаардык райооруканасына жеткирилген. Алдын-ала маалыматтар боюнча, жарааттар сайсыз мылтыктан алынган. Лейлек чекара отряды чеакраны коргоонун күчөтүлгөн тартибине өткөрүлгөн, Лейлек районунун чегиндеги мамлекеттик чекара пункттарында күчөтүлгөн чекара көзөмөлү орун алууда. Учурда чекара тозотунун тилкесинде иликтөө иштери жүрүп, окуя болгон жерде Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барууда. Иш-аракетти координациялоо үчүн генералдык штаб начальниги – Мамлекеттик чекара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары И.С. Мамбеталиев офицерлер тобу менен жөнөтүлгөн.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү