03

Июль

2020

Кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлүндү

img

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу үчүн 50 млн сом бөлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов кол койду. 

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында кабыл алынды. 

Чечимге ылайык, 50 млн сом Кытай Эл Республикасынан кислороддук концентраторлорду жана пульсоксиметрлерди сатып алуу жана аларды Кыргыз Республикасына жеткирүү үчүн бөлүндү.