09
Октябрь
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору байланышта
Бейшембиде, 9-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ачык Өкмөт” саясатынын алкагында КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиев “Министр байланышта” акциясына катышат.
Накен Касиев саат 9.00 Биринчи радионун түз обосуна чыгып, радиоугармандардын суроолоруна жооп берет.
Саат 10.30 «Аки-пресс» маалымат агенттигинде ЖМК өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйыны өткөрүлөт.
Ал эми саат 14.00 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин имаратында ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стөл өтүп, ал “Муниципалдык тейлөөлөрдү көрсөтүү сапатын жакшыртуу” темасына арналат.
Накен Касиев “Эркин Тоо” гезитинин редакциясынын түз байланышы боюнча саат 16.00 дө окурмандар менен байланышка чыгат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү