22

Март

2020

2020-жылдын 22-мартынан тарта Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди

2020-жылдын 22-мартынан тарта Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын (COVID-19) пандемиясын жарыялагандыгына байланыштуу, калктын коопсуздугун камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында илдеттин массалык түрдө жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды кабыл алуу максатында кол койду. 

Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун мамлекеттик системасынын башкаруу органдары, күчтөрү жана каражаттары өзгөчө кырдаал режиминде иштөөгө өттү. Кыргыз Республикасынын аймагына биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаал режими киргизилгенде Ыкчам аракеттердин планы бекитилди. 

Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин административдик мекемелеринин Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары, аймактардын жарандык коргонуусунун башчылары жана Жарандык коргонуу уюмдарынын жетекчилерине ыкчам тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында эпидемиологияга каршы комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү, калктын биринчи кезектеги жашоо-тиричилигин камсыздоо жана экономика тармактарынын жана объекттердин туруктуу иштешин камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу, Ыкчам аракеттердин планын аткарууга алуу, иш-чараларды өткөрүүнүн жүрүшү жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө күн сайын Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына жана анын кесепеттерин жоюуга каршы күрөшүү боюнча опертивдүү штабга маалымдап туруу тапшырмасы берилди.