25

Ноябрь

2013

Мекемелер аралык комиссиянын II жыйынында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү системалашкан реестрин түзүү боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарынын сегиз долбоору каралды.

 Маалым болгондой, учурда мамлекеттик органдар тарабынан мамлекеттик кызмат көрсөтүү мекемелеринин стандарттарынын  долбоорлорунун алкагында, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү оптимизациялоо боюнча реформанын экинчи этабы ишке ашууда.

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен Экономика министрлиги ПРООН жана ЕККУнун колдоосу аркасында, мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү системалашкан реестрин түзүү боюнча 

Мекемелер аралык комиссиянын кароосуна  жөнөтүү максатында стандарттардын иштелип чыккан долбоорлорун экспертизациялоо боюнча тиешелүү иштер жасалууда.

 Мекемелер аралык комиссиянын буга чейинки жыйынында мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү системалашкан реестрине кирген жана Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Өкмөт алдындагы милдеттүү медициналык камсыздоо Фонду тарабынан көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат көрсөтүү мекемелеринин стандарттарынын 8 долбоору каралган.

 Алар:

 - “Баштапкы билим берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт  долбоору;

 - “Негизги билим берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

 - “Жалпы орто билим берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

 - “Белгиленген квотанын (мамлекеттик тапшырык) негизинде негизги жалпы билим берүүнүн алкагында (окутуунун күндүзгү бөлүмү) орто кесиптик билим берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

 - “Кесиптик билим берүү, кайра окутуу, билимин жогорулатууга багыт берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

 - “Республикалык бюджеттин эсебинен, эмгек рыногу талап кылган кесиптерге жарандарды окутуу” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

- “Өндүрүш же окуучунун жеке каражаты менен эмгек рыногу талап кылган кесиптерге жарандарды окутуу” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору;

 -“Милдеттүү медициналык камсыздандыруу үчүн өз алдынча мүчөлүк акы төлөгөн жарандарга камсыздандыруу документин берүү” мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарт долбоору.

 Белгилей кетүүчү жагдай, жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар тарабынан сунушталган стандарт долбоорлорунун кошумча докладчылары Коомдук байкоочу кеңештери болду. Ал өз кезегинде жүргүзүлүп жаткан реформалардын ачыктыгын айгинелейт жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн талкуусуна жана чечимине катыштырууга мүмкүндүк берет.

 Мекемелер аралык комиссиянын мүчөлөрүнүн талкуусунун жыйынтыгында анын кароосуна коюлган стандарттар жактырылды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилип, тиешелүү чечим кабыл алуу чечими чыкты.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү