25

Ноябрь

2014

Байкоочу кеңеш Социалдык фонддун бюджет долбоорун жактырды

Бүгүн, 25-ноябрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эльвира Сариеванын төрагалыгы астында Мамлекеттик социалдык камсыздоону башкаруу боюнча байкоочу кеңештин жыйыны өттү.

Кеңеш жыйынында келерки жылдарга карата “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору талкууланган.

Жыйын жүрүшүндө ошондой эле КР Социалдык фондунун карыздарды карыз болгон жактын акчалай каражаты жетишсиз, же каражаты жок болгон учурда төлөмөр тараптын мүлкүнүн эсебинен төлөтүп алуу, анын алыш-бериш эсебине арест коюу жолу аркылуу өндүрүү жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу демилгеси каралды. Талкуунун жүрүшүндө КР Юстиция министрлиги тараптан сын-пикир түшкөн, аларды эске алуу менен Байкоочу кеңеш мүчөлөрү киргизилген сунушту бекитти.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү