08
Апрель
“Айыл-агро 2013” эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсүнүн расмий интернет - сайты түзүлүп иштей баштады жана www.aiyl-agro.kg дарегинен сайттын мазмуну менен таанышса болот.
“Айыл-агро 2013” эл аралык агроөнөр жай көргөзмөсү Бишкек шаарында ушул жылдын 22-24-майында Эски аянтта өткөрүлөөрүн белгилейбиз.
Сайттан тышкары 00 800 927 927 30 номери менен акысыз телефондук линиядан көргөзмө тууралуу кошумча маалымат алса болот.
Көргөзмөдө айыл чарба техникаларын жана азык-түлүктү кайра иштетүү жабдыктарды чыгарган дүйнөлүк алдынкы өндүрүүчүлөр өздөрүнүн продукцияларынын кеңири түрлөрүн көрсөтүшөөрүн белгилейбиз.
Ошондой эле көргөзмөнүн алкагында Улуттук агрофорум өткөрүлөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү