19

Февраль

2015

Вице-премьер министр Абдырахман Маматалиевдин Баткен жана Ош облустары боюнча бир күндүк иш сапары башталды

Бүгүн, 19-февралда, вице-премьер министр Абдырахман Маматалиевдин Баткен жана Ош облустары боюнча бир күндүк иш сапары башталды. Иш сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр укук коргоо органдарынын координациялык кеңешинин жыйынына катышат, анда сөз негизинен диний экстремизм жана терроризмге каршы күрөш жүргүзүү тегерегинде болмокчу. Мындан тышкары, Абдырахман Маматалиев “Айкол” чекара бекетиндеги чатактын натыйжасында каза болгондордун тууган-туушкандары менен жолугушат. Иш сапардын жыйынтыгында вице-премьер-министр Ош шаарындагы аэропорттун иши менен таанышмакчы.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү