20
Март
2015
Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Чүй облусу боюнча бир күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 20-мартта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин Чүй облусу боюнча бир күндүк иш сапары башталды.
Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Панфилов районундагы Чалдыбар айыл аймагындагы күнү-түнү жөнгө салуучу бассейндин плотинасындагы оңдоо иштеринин жүрүшү жана Чоң Чүй каналынын абалы менен таанышат.
Ошондой эле Өкмөт башчы Чүй облусундагы Жайыл районунда жайгашкан «Жайыл» айыл-чарба кооперативине барып, Москва районундагы жазгы-талаа иштеринин камылгасы менен таанышат.
Мындан тышкары, Жоомарт Оторбаев “Ак-Сүт” компаниясынын, “Кыргыз-Корей окуу борбору” күнөскана чарбачылыгынын, Сокулук райондук Крупский атындагы айылдык аймагынын жана Сокулук районундагы “Чабрец” ЖЧК жана балык чарбачылыгы боюнча адистешкен «Кавиар» жоопкерчилиги чектелген компаниясынын иши менен жакындан таанышмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү