07
Май
2015
Премьер-министр Темир Сариевдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча бир күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 7-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Ош облусу жана Ош шаары боюнча бир күндүк иш сапары башталды.
Сапардын жүрүшүндө Премьер-министр «Достук» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районундагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшүн көзөмөлдөйт.
Кара-Суу районунда Өкмөт башчы Улуу Ата-Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышып, согуш ардагерлерин куттуктамакчы. Ошондой эле Темир Сариевдин Ош шаарындагы “Өчпөс от” мемориалдык комплексине гүлчамбар коюу аземине катышуусу пландаштырылууда.
Андан соң Премьер-министрдин төрагалыгы астында Ош шаарында жазгы талаа өнөктүгүн өткөрүү маселесине арналган селектордук жыйын өтөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү