23
Май
Премьер-министр Темир Сариевдин Чүй жана Нарын облустары боюнча бир күндүк иш сапары башталды
Бүгүн, 23-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин Чүй жана Нарын облустары боюнча бир күндүк иш сапары башталды.
Сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Чүй облусунун Жайыл районунун жана Нарын облусунун Жумгал районунун калктуу пункттарын кыдырат. Ошондой эле ал «Турускул» салмак-габариттик көзөмөл постуна жана «Кара-Кече» кенинин иши менен таанышат. Мындан тышкары өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушун жана аймактагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен танышмакчы. Бир катар айылдарда Премьер-министрдин жергиликтүү калк менен жолугушуусу пландаштырылган. Ошондой эле Темир Сариев «Кеңеш» насостук станциясына барып, объектидеги тазалоо иштери менен таанышмакчы.
Күндүн биринчи жарымында Өкмөт башчынын Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылынын жашоочулары менен жолугушуусу өттү. Темир Сариев чогулгандар менен айылдын көйгөйлөрүн, жол курулушун жана Жайыл районундагы көпүрөнү куруу тууралуу маселелерди талкуулады.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Премьер-Министр КР Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигине жана КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине кыска мөөнөттүн ичинде көпүрөнү куруу маселесин карап чыгуу тапшырмасын берди. Ал эми КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине айыл жолдорун оңдоо иштерин жүргүзүү жана жол салуу үчүн атайы техника менен камсыздоо маселесин чечүү тапшырылды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү