26
Сентябрь
Премьер-министр Ж.Оторбаевдин Баткен облусу боюнча иштиктүү сапары башталды
Бүгүн, 26-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна келди.
Иш сапар алкагында Премьер-министр Сүлүктү шаарындагы «Ибрагимов» ЖЧК шахтысынын иши менен таанышып, кен өндүрүүчү компаниялардын жетекчилери жана шаар активи менен жолугушат.
Ошондой эле Өкмөт башчы Максат айылындагы көпүрөнүн жана Лейлек районундагы Кулунду-Максат автожолунун курулушу, ошондой эле аталган райондогу Жаңы-Жер айыл аймагындагы Арка насостук станциялар каскадынын иши менен таанышат.
Мындан тышкары, Ж.Оторбаев Кадамжай районундагы Бүргөндү массивин өздөштүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жакындан таанышмакчы.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү