31
Январь
2015
Премьер-министр Ж.Оторбаевдин Нарын облусуна иш сапары башталды
Бүгүн, 31-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин Нарын облусуна иш сапары башталды.
Сапар жүрүшүндө Премьер-министр “Торугарт» көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун жана «Торугарт» чекара тозотунун иши менен таанышмакчы.
Мындан тышкары, Өкмөт башчы Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун жүрүшү менен таанышат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү