14

Декабрь

2012

 Бүгүн, 14-декабрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин Баткен облусу боюнча эки күндүк иш сапары башталды.

 Иш сапардын программасынын биринчи пункту Лейлек районунун Исфана шаары болду. Ж.Сатыбалдиев Лейлек районундагы Катран айылынын тургундары,  “Апрельское” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан “А.Z. Internatiоnal” жоопкерчилиги чектелген коомдун өкүлдөрү менен жолугушууну, “Сүлүктүкөмүр”АК ишмердиги, кыргыз-тажик чек арасындагы “Кожо-Бакырган-Сай” дарыясындагы көпүрө салуудагы түзүлгөн кырдаал менен таанышууну, Арка-2 айылындагы №4 Арка насостук станцияларынын каскадындагы насостук станцияларыны ишин көрүүнү пландаштырган.

 Мындан тышкары Премьер-министр иш сапарынын алкагында Баткен районундагы мамлекеттик чек аранын проблемалуу участкаларынын айланасындагы түзүлгөн кырдаал менен таанышуу, ошондой эле Кадамжай районундагы өнөр-жай объектерине баруу жана Баткен облусунун активи менен жолугушуу пландаштырылган.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү