18

Январь

2013

Бүгүн, 18-январда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин Чүй облусу боюнча иш сапары башталды.

Иш сапардын алкагында Ж.Сатыбалдиев Панфилов районунун Чалдовар айылындагы чек ара тозотуна барууну пландаштырган. Андан соң ал Жалпы дарылоочу практикалык борборун карап чыгат, андан кийин  “Кайыңды кабель заводу” ААКнын өндүрүш аянттары менен таанышат.

Кара-Балта шаарында Өкмөт башчысы “Кыргызалтын” ААКнын алтын аффинаждоо заводуна, “Кара-Балта тоо-кен комбинаты” ААКсына, ”Джунда” муңайзатты кайрадан иштетүү заводдоруна барууну пландаштырган. Андан кийин Өкмөт башчысы Сокулук районундагы “Ак-Куу” ААКсынын ишмердүүлүгү менен таанышат. Премьер-министрдин Чүй облусу боюнча иш сапары Аламүдүн районунда областтык актив менен жолугушуу менен аяктайт.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык саясат бөлүмү