05

Октябрь

2012

Бүгүн, 5-октябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Ош облусуна бир күндүк иш сапары менен келди.

Өкмөт башчы Ош шаарынын № 52- орто мектебинин ачылышына катышты. Мектеп 850 окуучуга ылайыкталып, Түркиянын кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча башкармачылыгынын жардамы менен салынган. Мектептин имараты жылуулук үнөмдөөчү материалдардан салынгандыгы менен айырмаланат.

Ачылыш аземинде Жантөрө Сатыбалдиев мугалимдерди, окучуларды жана алардын ата-энелерин майрамы менен куттуктап, бардык кыргызстандыктарга тынчтык, ынтымак каалады. «Бүгүнкү динамикалуу өнүгүп жаткан дүйнөдө ар бирибиздин ийгиликтүү болушубуз сапаттуу билим алууга байланыштуу. Силерге татыктуу билим, тарбия алып, тилеген максатыңарга жетишишиңерди  каалайм», - деди Премьер-министр.

Андан соң Өкмөт башчы Ош шаарынын №3-бейтапканасынын жаңы салынган имараты менен таанышып чыкты.

Белгилеп кетчү нерсе, бул эки социалдык объектилердин курулушу азыркы Премьер-министр Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Дирекциясын башкарып турган мезгилинде башталган.

Азыркы учурда Жантөрө Сатыбалдиев Ош шаарынын кышка даярдыгы менен таанышуу үчүн шаардык ТЭЦке келди.

Андан кийин Ж. Сатыбалдиев «Ош-Баткен-Исфана» жолунун проблемалуу тилкелери менен таанышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү