27

Февраль

2013

Бүгүн, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев бир күндүк иш сапар менен Ош облусуна келди.

Премьер-министр Ж. Сатыбалдиевдин иш программасында жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышуу, ЮСАИД  эл аралык кызматташуу уюмунун долбоору менен берилген айыл чарба техникаларын жана жабдууларын Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын үрөнчүлүк чарбаларына тапшыруу кирет.

Иш-сапардын алкагында Өкмөт Башчысы Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Ош шаарынын активи менен жазгы-талаа иштерин өткөрүү тууралуу облустар аралык жыйын өткөрөт.

Мындан тышкары Премьер-министр Кара-Суу районундагы “Отуз-Адыр” каналында жүргүзүлүп жаткан тазалоо иштери менен таанышат жана бир катар социалдык объектилерге барат .

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык саясат бөлүмү