19

Ноябрь

2013

Бүгүн, 19-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиева эки күндүк иш сапары менен Баткен облусуна келди.

Камила Талиева иш сапарынын алкагында аймактын тургундары менен жолугушат жана жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки мекемелердин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Вице-премьер-министр Булак-Башы айылындагы “Баластан” жана Достук айылындагы “Ак-Кептер” балдар бакчасынын, ошондой эле, Булак-Башыдагы фельдшердик-акушердик пункттун жана Чек айылындагы жаңы мектептин ачылышына катышат.

Камила Талиева Жаштык айылындагы №3 жана Исфана шаарындагы №1 гимназияларда ачык сабактарды өтөт, Кольцо шаарындагы №6 А.Кайымкулов атындагы мектептин курулушу менен таанышат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү