26
Ноябрь
Бүгүн, 26-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Камила Талиеванын Чүй облусуна иш сапары башталды.
Вице-премьер-министр аймактагы бир катар билим берүү мекемелеринде болуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышып, көйгөйлөрүн угат.
Камила Талиева бара турган алгачкы объект Кемин районунун Шабдан айылындагы “Билимкана” жеке менчик мектеби.
Вице-премьер-министр аталган мектептин окуу программасы жана материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгып, билим берүү мекемелеринин башкы максаты - жаш муундарга сапаттуу билим жана татыктуу тарбия берүү экендигин баса көрсөттү.
“Кыргызстанда менчик мектептердин ачылып жатышы кубандырат. Мамлекеттик-менчик өнөктөштүк билим берүүнүн сапатын, ошондой эле, мугалимдик кесиптин беделин арттырууга мүмкүнчүлүк түзөт”, - деди ал.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү