30
Январь
30-январь, 2013-ж.
Бүгүн, 30-январда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Српашевдин Кытай Эл Республикасына болгон иш сапары башталды.
Иш сапардын алкагында Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий Бюросунун мүчөсү Лю Яньдун жана КЭР коммерция министринин орун басары Чэнь Цзяня менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Жолугушуу учурунда соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү боюнча ой бөлүшүүлөр болот. Курулуш. айыл чарба жана авиация тармагында инвестициялык кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Кытайдын айрым өнөр-жай объектерине барат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү