24
Ноябрь
2014
Вице-премьер-министр Валерий Дилдин Германия Федеративдик Республикасына иштиктүү сапары башталды
Бүгүн, 24-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Валерий Дилдин Германия Федеративдик Республикасына иштиктүү сапары башталды.
Вице-премьер-министр Валерий Диль немец саясатчылары жана ишкерлери менен болгон жолугушуусунда эки өлкө ортосундагы кызматташуунун абалы жана келечеги, ошондой эле өлкөнүн Бажы биримдигине кошулуусун эске алуу менен өндүрүштүк, товардык-сырьелук жана сатуу багыттары боюнча бир катар маселелерди талкууламакчы.
Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кичи жана орто ишкерликти колдоого алуу, Кыргызстандын экономика тармагындагы жетекчи жана кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, энергетиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын экономикасына Германия ишкерлер чөйрөсү тараптан инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулайт.
Сапардын жүрүшүндө вице-премьер-министр 20 ашуун жолугушууларды өткөрөт, анын катарында Хайнц Зайдель атындагы фонддун төрагасы менен жолугушуп, аны менен Валерий Диль Кыргызстанда атайы жогорку билим жаатындагы немец тажрыйбасын пайдалануу маселесин талкуулайт. Ошондой эле Бавариянын экономика, энергетика жана технология вице-министри, Экономика жана энергетика федералдык министрлигинин мамкатчысы менен жолугушуп, Кыргызстан калкынын биометрикалык маалыматын чогултуу үчүн программалык камсыздоону сатып алуудагы тендерди жеңип алган «Giesecke & Devrient» компаниясына барат жана бир катар башка жолугушууларды өткөрөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү