17

Апрель

2013

Бүгүн, 17-апрелде, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин  Нарын облусунун Ак-Талаа району жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району боюнча иш сапары башталды. 

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев  Ак-Талаа районунун тургундары жана активи менен жолугушат. 

Ошондой эле Өкмөт башчысы “Жакаш” техникаларын тейлөө борборуна айыл чарба техникаларын тапшырат, “Турумбек” бакчачылык чарбасынын иши , Кыдыраалы айылындагы мектептин курулушу менен таанышат жана башка социалдык объекттерди көрөт. 

Күндүн экинчи жарымында Жантөрө Сатыбалдиев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда болот. Бул жерде ал “Макмал” алтын кен комбинатынын иши менен таанышат, Арал жана Бирдик айылдарынын ортосундагы көпүрөнүн абалын көрөт жана башка айыл чарба, социалдык объекттер менен таанышат. Мындан тышкары  Нарын дарыясынын суу жууп кеткен оң жээгин көрүп, Казарман айылында райондун активи менен жолугушат. 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү