28

Январь

2015

Темир эритүүчү заводдун алгачкы мешин ишке киргизүү 2015-жылдын орто ченине пландаштырылууда

Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль Таш-Көмүр шаарындагы темир эритүүчү заводдун курулушунун жүрүшү тууралуу маалыматты укту. Заводдун өкүлдөрү вице-премьер-министрге курулуштун жүрүшү тууралуу маалымат беришти. Алардын маалыматына ылайык, имараттын пайдубалы аяктап, курулуштун жогорку бөлүгү башталды. Кытайдан жабдуулардын бир бөлүгү сатылып алынып, каржылоонун 30-40% өздөштүрүлгөн. Темир эритүүчү заводдун алгачкы мешин ишке киргизүү 2015-жылдын орто ченине пландаштырылууда Кеңешме учурунда генерациялык кубаттуулукка болгон курч муктаждык бар экендиги белгиленген, анткени, аталган заводго быйылкы жылы 40 МВт керектелсе, келечекте өндүрүштүк кубаттуулуктун жогорулашы менен 125МВт керектелмекчи. Вице-премьер-министр билдиргендей, республика үчүн бул завод зарыл жана Өкмөт бул долбоорду ишке ашыруу процессине көмөк көрсөтөт. Ага катар Валерий Диль Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан мыйзамдарын сактоонун, анын катарында курчап турган айлана-чөйрөнү жана экологияны сактоонун маанилүүлүгүн билдирди. “Бул тоо-кен өндүрүү жана металлургия тармагын өнүктүрүүгө байланышкан абдан жогорку технологиялуу долбоор. Долбоор биздин экономика үчүн маанилүү жана биз аны колдоого алабыз. Бирок сиздер мыйзам талаптарын аткарып, анын алкагында, өзгөчө экологиялык талаптарды сактооңуздар керек, бул абдан маанилүү”, — деп белгиледи Валерий Диль.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү