05
Декабрь
Бүгүн, 5-декабрында, Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын XI отуруму башталды. Иш күнү тар чөйрөдө башталды. Кийинчирээк Өкмөт Башчыларына бөлөк делегация мүчөлөрү кошулат.
Отурумдун ишине Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Вэнь Цзябао, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Серик Ахметов, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Акил Акилов жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов катышууда.
Шанхай кызматташуусу Уюмунун байкоочу өлкөлөрүнөн саммиттин ишине Монголиянын Премьер-министри Норовын Алтанхуяг, Иран Ислам Республикасынын Биринчи-вице-президенти Мохаммад-Реза Рахими, Ооганыстан Ислам Республикасынын Вице-президенти Карим М. Халили, Пакистан Ислам Республикасынын маалымат жана телерадиоберүүнүн Федералдык министри Камар Заман Каира жана Индиянын тышкы иштер министринин орун басары Санджай Сингх катышууда.
Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн Өкмөт Башчыларынын кезектеги отурумунун алкагында Шанхай кызматташуусу Уюмунун мамлекет мүчөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык, техникалык жана гуманитардык кызматташуунун бир катар актуалдуу маселелери каралат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү