27
Октябрь
2014
«Бишкек-Баку-Бишкек» багыты боюнча үзгүлтүксүз авиабайланыш каттамы ишке кирди
26-октябрда «Манас-2» Эл аралык аэропортунда «Бишкек-Баку-Бишкек» багыты боюнча алгачкы авиакаттамдын ачылышы боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Бишкек шаарына алгачкы каттам менен Бакудан келген конокторду перрондо Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, кыргыз-азербайжан өкмөт аралык комиссиясынын теңтөрагасы Тайырбек Сарпашев тосуп алды.
“Биздин өлкөлөр аралык үзгүлтүксүз каттам Кыргызстан жана Азербайжандагы бизнесмендердин байланышын чыңдоого мүмкүндүк берет. «Бишкек-Баку-Бишкек» багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамынын ачылышы эки тараптуу байланышты өнүктүрүүдөгү оңдуу кадамдардан болуп саналат. Учурда Нью-Йорк шаарына Баку аркылуу жөнөгөн каттамдар үчүн дал келүүчү каттам тууралуу маселе иштелип чыгууда. Бул континенттер аралык учуучу ишкер жана туристтер үчүн ыңгайлуулуктун ачылышына мүмкүндүк түзөт», — деди Т.Сарпашев.
Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджев белгилегендей, аталган каттамдын ачылышы – бул Кыргызстан үчүн Батышка карай ачылган дагы бир терезе катары, ал эми Азербайжан үчүн Улуу жибек Жолун кайрадан жандандыруу иретинде Чыгышка карай ачылган жол болуп эсептелет.
“Каттамдын ачылышы аркылуу өлкөлөр аралык 2 миң 46 км жолду 3 саат 10 мүнөттүк убакытта ашып өтүү мүмкүндүгү пайда болду. Үзгүлтүксүз каттам Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин жеке көрсөтмөсү боюнча ишке ашырылып жана эки тараптуу байланыштардын кеңейишине шарт түзөт», — деди дипломат.
[gallery ids="44461,44462,44463,44464,44465,44466,44467,44468,44469,44470,44471,44472"]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү