29

Ноябрь

2013

Бүгүн, 29-ноябрда, Өзбекстан Республикасынын борбору Ташкент шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйыны өз ишин баштады.

Саммитке Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жетекчилик кылган Кыргызстандын өкүлчүлүгү катышууда.

Учурда, ШКУ Өкмөт башчыларынын Кеңеши тар чөйрөдө өтүп жатат. Анын соңунда, Премьер-министрлерге ШКУга мүчө мамлекеттердин өкүлчүлүгү жана серепчилери кошулуп, жыйын кеңейтилген чөйрөдө өз ишин улантат.

Белгилей кетсек, ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин жыйынынын катышуучулары соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча мамилени тереңдетүү багытындагы маселелерди талкуулашмакчы.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү