31

Март

2018

Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программа бекитилди

Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга мамлекеттик программа (үчүнчү этап) бекитилди.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна кол койду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жаңы доорго – кырк кадам», «Таза коом» санариптик трансформациялоо программаларынын 1- жана 10-кадамынын ишке ашыруусунун алкагында кабыл алынды.

Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программа Кыргыз Республикасында накталай жана накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн деңгээлинин оптималдуу катышын камсыз кылуу, акча жүгүртүүнүн ачык-айкындыгына жетишүү жана көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартуу максатында кабыл алынды.

2018-2022-жылдарга мамлекеттик программанын үчүнчү этабынын негизги максаттары:

-      Кыргыз Республикасынын региондорунда банк жана төлөм инфратүзүмдөрүн кеңейтүү;

-   банк  төлөм карталарына эмгек акысын алуучулардын санын көбөйтүү

-   коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүдө жеңилдиктерди жана жөлөкпулдарды берүү процессин башкаруунун эсебинен калкты социалдык тейлөө деңгээлин жогорулатуу;

-  накталай эмес эсептешүү инфратүзүмүн кеңейтүү жана төлөм карталарын колдонуу аркылуу реалдуу сектордогу ишкердиктин активдүү өсүшү үчүн шарттарды түзүү;

-   коммерциялык банктар тарабынан төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын спектрин кеңейтүү жана атаандаштык чөйрөсүнүн шарттарында филиалдар түйүнүн өнүктүрүү;

-  төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү накталай эмес формада жүргүзүүгө бизнес түзүмдөрүн активдүү тартуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын 

коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү