15
Октябрь
2020
Намазалиев Алтынбек Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 15-пунктуна ылайык, Намазалиев Алтынбек Абдисаламович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров кол койгон.