13
Октябрь
2014
Наргиза Мансурова «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалды
Бүгүн, 13-октябрда, Наргиза Мансурова «Эркин Тоо» гезитинин жамаатына башкы редактор катары тааныштырылды.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койгон.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин буйругу менен Манас Осмонов «Эркин Тоо» гезитинин башкы редактору кызматынан бошотулду.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү