11

Декабрь

2019

Нарын облусунда индустриалык-соода-логистикалык борбордун пайдубалы түптөлдү

11-декабрда Нарын облусунун Ат-Башы районуна курула турган  индустриалык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салынды.  

Бул иш чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень айым, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмаз Баатырбеков, “Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрү, долбоордун инвесторлору: Эмилбек Абдыкадыров жана Лю Индин мырза, ошондой эле облустун, райондун коомчулугу катышты. 

Нарын облусунун гана эмес Кыргызстандын келечеги, экономикасынын өнүгүшү үчүн мааниси зор индустриалык-соода-логистикалык борборду куруу аракеттери 2008-жылы башталып, 2017-жылы Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 200 гектар жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен чечилип берилген.

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 2015-2020-жылдар аралыгындагы чек ара кызматташуу программасынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында “Нарын эркин экономикалык аймагы” менен “Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлуп, ушуга ылайык долбоордун алгачкы кадамдары башталды.  

Борбор Кыргыз-Кытай чек арасындагы экспорт индустриясы жайгашкан, комплекстүү инфратүзүмгө жана жогорку көзөмөлдөгү өтмөк пунктуна ээ ири аймак болмокчу. Борборду куруу менен миңдеген жумуш орундары пайда болуп, Нарын облусунун социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө, айыл чарба жана өнөр жай товарларынын экспортун жогорулатууга, чек ара, бажы инфратүзүмүн жакшыртууга, туризм тармагын өнүктүрүүгө шарт түзүлөөрү күтүлүүдө. Индустриалык-соода-логистикалык борбор Кыргыз Республикасынын аймактык бизнес борбору гана эмес Азиядагы чоң соода жана логистикалык хаб катары турукташаарына толук мүмкүнчүлүктөр бар. 

«Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун долбоордук курулушу 275 миллион АКШ долларына бааланууда. Курулушу аяктагандан кийин анын жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Биринчи баскычта 1000 киши жумуш менен камсыз болот, кийинки этаптарда бул сандар кыйла жогорулайт. Долбоордун инвесторлору “Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы” жоопкерчилиги чектелген коомунун кош негиздөөчүлөрү  Эмилбек Абдыкадыров жана Лю Индин мырза. 

Капсула салуу аземин ачкан Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов долбоор тууралуу кыскача маалымат  берип, анын ийгиликтүү ишке ашып, элибизге пайда алып келген, дүйнөлүк экспортко жол ачкан, эл аралык соода алакасын бекемдеген акжолтой дөөтү болуусун тилек кылды. 

-Өлкөгө инвестициянын келиши биздин айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасын гана жакшыртпастан, өлкө экономикасын дагы көтөрөт,-деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев.  

«Логистикалык борбордун курулушу – бул масштабдуу долбоор, Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болот. Мунун социалдык-экономикалык мааниси чоң. Логистикалык борбордун курулушу менен бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, бул орундардын 90% биздин жарандарга берилет», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Өкмөт башчы бул долбоор Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын, ошондой эле эки мамлекеттин башчыларынын достук мамилесинин натыйжасында жүзөгө ашырылып жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле өлкөдө туруктуулук болгон үчүн инвесторлор келип жатканын, аларга шарт түзүп берүүбүз керектигин айтты. 

Инвесторлордун айтымында, долбоордун алгачкы этабынын курулуш иштери жаз алды менен башталып, 2020-жылдын август айларында аяктап ишке кирет. Индустриалык-соода-логистикалык комплекс үч аймактан: логистикалык, соода жана индустриалык аймактардан турат. 

Логистикалык аймак - адистештирилген терминалдардын жана кампалардын компекси болуп, терминал, кампа, административдик жана бажы көзөмөл чөлкөмдөрүнөн турат. 

Соода аймагы - транспорттук-логистикалык, социалдык, турмуш-тиричилик административдик кызмат инфраструктурасы жана кызматташуунун, соодалашуунун өзгөчө укуктук шарттамасы бар соода көргөзмөлүк комплекстердин ылайыкташтырылган түйүнү болот.

Индустриалык аймак - ишмердүүлүктүн ар кандай түрлөрү боюнча иш алып барган өндүрүш мекемелеринен түзүлөт.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.