01

Октябрь

2019

Нарын облусунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат

img

Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат. Бул Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровдун Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагындагы Кытай Эл Республикасынан келген делегация менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров белгиленгендей, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин буга чейин кол койгон макулдашуунун жыйынтыгы болуп саналат.

«Соода-логистикалык борбордун курулушу аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына байланыштуу демилгеленип жатканын өзгөчө белгилегим келет. Биз бүгүн Ат-Башы районундагы өнөр жай, соода-логистикалык борбордун курулушунун маанилүү маселелерин талкууладык. Аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну эске алуу менен, бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бардык тиешелүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыкты жана кабыл алынды», – деди Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров соода-логистикалык борбордун ачылышы Нарын облусунун динамикалуу өнүгүшүн шарттайт жана 13 миң жумуш орду түзүлөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн АКШ долларды түзөт. Объекттин аянты – 200 га. Аталган  борборду куруу менен  аймакка инвестиция тартылат, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жана экспорттун көлөмү көбөйөт, социалдык жана инфраструктуралык мааселелер чечилет.

Маалымдама: Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 782 миң сом  түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адылбек уулу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов катышты.