20
Январь
Нарын облусунда суу чарба тармагын өнүктүрүүгө басым жасалат
Нарын облусу агрардык аймак болгондуктан суу чарба тармагы негизги орунда турат. Ирригациялык системаларды жөнгө салуу жана өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан бүгүнкү күндө олуттуу көңүл бурулууда. Бул үчүн атайын мамлекеттик программа кабыл алынып, ага Нарын облусунан 9 долбоор киргизилген. Анын ичинде чоң-чоң каналдардын капиталдык курулуштары камтылган.
Бүгүн, 20-январда Нарын бассейндик суу чарба башкармалыгында коллегиянын кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда суу чарба тармагында аткарылган иштер менен катар кемчиликтер ортого салынды.
Коллегияга Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов катышып, облустун суу чарбасындагы алгылыктуу аракеттерге баа берип, кемчиликтерди жоюу милдеттерин койду.
Нарын бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Анарбек Сокеевдин маалыматына таянсак, Нарын облусунун аймагындагы жалпы сугат аянты 120,5 миң гектарды түзөт. Бул аянттарды сугат суулары менен камсыз кылууда 960,5 чакырым чарба аралык каналдар, 2799,9 чакырым ички чарбалык каналдар, 2651 гидротехникалык курулуштар, 20 насостук станциялар, 234 гидрометриялык посттор, 56 БСР пайдаланылат.
Облустун аймагында атайын юридикалык каттоодон өткөн 51 суу пайдалануучулар бирикмеси бар. Жалпы 120,5 миң гектар сугат аянтынын 61 пайызын, же 70814 гектарын суу пайдалануучулар бирикмелери тейлейт.
Коллегияда айрыкча Кочкор, Жумгал жана Нарын райондорундагы суу чарба башкармалыктарында кемчиликтерге жол берилгендиги, пландалган жумуштардын убагында аткарылбагандыгы, суу пайдалануучулар бирикмелеринин, суу чарба башкармалыктарынын жана айыл өкмөттөрүнүн ортосунда бирдиктүү иш жоктугунан эл ичинде нааразылыктар болуп жатканы айтылып, кемчиликтер жоюлбаса тиешелүү кызмат адамдарына чара көрүлөөрү билдирилди.
Облус жетекчиси эл менен жолугушууларда суроолордун жана көйгөйлөрдүн 80 пайызы сугат сууларына байланыштуу болуп жатканын айтуу менен суу пайдалануучулар бирикмелери, суу чарба башкармалыктары жана айыл өкмөттөрү биригип жаз алды менен чечкиндүү жумуштарды жасоосу зарылдыгын белгиледи.
"Ишембиликтерди уюштуруп, жаз алды менен каналдарды тазалайлы. Колдо болгон техникаларды, элдин күчүн пайдаланалы. Сиздер кайсы жерде эмне жумуш бар экенин тактап берсеңиздер, биз уюштуруу иштеринде жардам берели,"-деди. Ошондой эле ным топтоо жумуштарын колго алуу, суу пайдалануучулар бирикмелеринин ишин жандандандыруу керектигин айтып, суу чарба тармагынын кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу маселесин өкмөттүк деңгээлде көтөрүп чыгаарын билдирди.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.