13
Февраль
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы мектеп имараты пайдаланууга берилди
Бүгүн, 13-февралда Ак-Талаа районунун Баетов айылында Эсенгул Карасартов атындагы орто мектептин жаңы курулган имараты пайдаланууга берилди.
Аталган орто мектеп 4 окуу имаратынан турган. №1-окуу имараты авариялык абалда болгондуктан 2011-жылы Өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын чечими менен окутуу токтотулуп, 2014-жылдын 2-ноябрында республикалык бюджеттен 275 орунга негизделген 2 кабаттуу мектептин курулуш иши башталган. Курулуш ишин “MS БИЛДИНГ” жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп, 66 миллион 637 миң сомдун тегерегиндеги каражат жумшалган. Ал эми мектептин ички жасалгалоо иштерин эмгек жамааты жана айыл тургундары көтөрүшкөн. Натыйжада бардык шарты менен заманбап типтүү имарат курулуп бүтүп, эшигин ачты.
Билим уясынын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары: Чыныбай Турсунбеков, Алмаз Акматов, Искендер Гаипкулов, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов, Нарын облустук билим берүү борборунун башчысы Касымбек Мамытов, “Ак-Талаа” коомунун өкүлү Ишенбек Медетов жана райондун коомчулугу катышып, жакшы тилектерин жолдошту.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов өз сөзүндө: “Мектеп-билим уясы, жашоонун устаканасы. Адам баласынын келечек турмушунун пайдубалы мектепте түптөлөт. “Окуу-билим азыгы, билим-ырыс казыгы” деп бекеринен айтылбаган. Илим, билим гана адамга, улутка кут алып келе турган улуу мүлк. Ал эми балдарыбыздын билим алуусуна ыңгайлуу шарт түзүлгөнү-келечегибизге бара турган жолду ачканга барабар”,-деп белгилөө менен бөбөктөрүбүзгө ушундай заңгыраган билим очогун куруп берген Өкмөткө, курулуш ишканасына жана ага салым кошкон бардык инсандарга терең ыраазычылык билдирип, бул жерден билимдүү, ыймандуу, өнөрлүү балдар өсүп чыгуусун тилек кылды. Ошондой эле курулуш ишканасынын өкүлдөрүнө ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталарын жана Ыраазычылык катын ыйгарды.
“MS БИЛДИНГ” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү Мурадил Сыдыков курулуш шашпай, дыкаттык менен бүткөрүлгөнүн, заманбап сапаттуу курулуш материалдары колдонулганын айтты.
Иш чарада Жогорку Кеңештин депутаттары эки компьютер белек кылса, мектеп ысымын алып жүргөн улуу инсан Эсенгул Карасартовдун үй-бүлөсү 100 миң сомдун сертификатын колдоо катары тапшырышты.
Учурда аталган орто мектепте 780 окуучу билим алып, 80 мугалим эмгектенет. Мындан сырткары 50 бала мектепке чейинки даярдоо тайпасында окутулат. Балдар кыргыз жана орус тилдеринде билим алышат. Мектеп 1960-жылы негизделген. 2000-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген агроному, “Ленин”, “Эмгек Кызыл Туу”, “Эл достугу” ордендеринин ээси Эсенгул Карасартовдун ысымы ыйгарылган.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.