05

Февраль

2020

Нарын облусунун инвест логотиби иштелип чыкты

Нарын облусуна инвестиция тартууда, туризм тармагын өнүктүрүү иштеринде жана жергиликтүү продукцияларды чыгарууда колдонуу үчүн Нарын облусунун логотиби иштелип чыгып, ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкуловдун 3-февралдагы буйругу менен бекитилди.

Облустун өзгөчөлүгүн чагылдырган логотипти мекеме-ишканаларга, туристтик фирмаларга, өндүрүштүк ишканаларга (менчигинин түрүнө карабай) өзгөртпөстөн колдонуу жагы сунушталууда. 

Логотипте Теңир Тоонун коюнундагы Улуу Жибек жолу, Таш-Рабат, Соң-Көл жана Нарын дарыясы сыяктуу Нарын облусунун өзгөчөлүктөрү камтылган. 

Логотип иштеп чыгуу боюнча сынакка 5 адам катышкан. Алардын идеяларын жана эскиздерин негиз кылуу менен логотиптин тандалып алынган вариантын Нарын шаарынын башкы архитектору Эркин Рахатбек уулу иштеп чыккан.  

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.