30
Декабрь
Нарын облусунун өнүктүрүү фондунан “Жаш Тилек” балдар бакчасына эмеректер алынып берилди
Ак-Талаа районунун М. Баетов айылындагы "Жаш Тилек" балдар бакчасына Нарын облусунун өнүктүрүү фондунан эмеректер алынып берилди.
Тактап айтканда, 219 миң сомго 90 балага ылайыкталган эки ярустуу 45 керебет жана балдардын кийимдерин илгенге 6 шкаф жасатылды.
Бүгүн, ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов жаңы жылдык белек катары эмеректерди дарегине тапшырып, мында тарбияланып жаткан балдарга кең келечек каалады.
Белгилей кетсек, облустун өнүктүрүү фондундагы 1 миллион 44 миң сом акча каражатын натыйжалуу пайдалануу жана аймактардагы социалдык-экономикалык долбоорлорду колдоо максатында чакан долбоорлор үчүн сынак жарыяланып, 5 долбоор колдоо тапкан. Алардын бири - "Жаш тилек" балдар бакчасын колдоо долбоору болчу.
Аталган бала бакча мурда "Тынчтык" бала бакчасынын филиалы болгон. 2019-жылдын 1-мартында өз алдынча бала бакча болуп ачылып, эмеректер жетишпегендиктен буга чейин балдар түшкүсүн жерге салынган төшөктөрдө жатып укташчу. Учурда бала бакчада 90 бала тарбияланууда.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.