09

Сентябрь

2019

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

img

Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жумуш сапары учурунда билдирилди.

Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды.  Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө.

Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылына жаңы мектепти куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документациясы даяр.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу корпусу бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.

Вице-премьер-министр жумуш сапарынын алкагында Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы авариялык абалдагы мектептерди көрдү. 

Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова Кочкор районундагы Кара-Мойнок жана Дөң-Алыш айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтү авариялык абалдагы мектептер боюнча маселени жакынкы жылдары чечүү милдетин койгонун кошумчалады.

Маалымдама:

Учурда жалпы Нарын облусу боюнча 18 объекттин курулуш иши жүрүүдө, анын ичинде Ат-Башы районунда 2 бала бакча, Ак-Талаа районунда – эки мектеп жана бир кошумча курулуш, Жумгал районунда үч мектеп жана 1 кошумча курулуш, Кочкор районунда – төрт мектеп, 2 кошумча корпус, 2 спорт зал, Нарын районунда спорт залдын курулушу жүрүүдө.