04

Март

2020

Нарында айыл чарба багытындагы көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү

“Жаздын бир күнү жылга тете” дегендей, бүгүнкү күндө жазгы айдап-себүү жумуштарына кам көрүү учур талабы.

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевдин, министрликтин тармактар боюнча адистеринин жана облустагы айыл чарба тармагынын кызматкерлеринин, дыйкан, фермерлердин катышуусунда жыйын өткөрүлдү.

Жыйында ыйгарым укуктуу өкүл Эмилбек Алымкулов жазгы айдап-себүү өнөктүгүнүн бекитилген түзүмүн кайрадан карап чыгып, коронавируска карата түзүлгөн кырдаалга байланыштуу антикризистик программа иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев республика боюнча дыйкан, фермерлер үрөн менен 84 пайызга, ал эми техникалар 80 пайызга даяр болгонун, күйүүчү-майлоочу майлардын жана минералдык жер семирткичтердин баасынын көтөрүлүп кетүү коркунучу жок экендигин, “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоору боюнча 2020-жылы атамекендик айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Өкмөт тарабынан 1 миллиард 250 миллион сом көлөмүндө каражат каралып, жеңилдетилген насыя катары дыйкандарга берилээрин билдирди.

Жыйын суроо-жооп иретинде улантылып, облустун айыл чарба кызматкерлери жана дыйкан фермерлери көйгөйлүү маселелерди ортого салышты. Негизинен айыл чарба багытындагы жерлерди трансформациялоонун жолдорун жеңилдетүү, жайыт жерлерин пайдалануу боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү, жер-жерлердеги үрөн чарбаларын, айыл чарба кооперативдерин аттестациядан өткөрүү, биотехникалык лаборатория куруу, айыл чарба шаймандарын алууда жеңилдиктерди кароо зарылдыгы сыяктуу жана башка бир катар маселелер министрликтин өкүлдөрүнө билдирилди.

КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.