07
Декабрь
Нарында аз камсыз үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылып берилди
Нарында калктын аялуу катмарын акысыз көмүр отуну менен камсыздоо максатында “Кара-Кече” көмүр кесиминде иштеп жаткан 4 көмүр ишканасынан 156 тонна көмүр тартылып келип, 312 үй-бүлөгө 500-600 килден таратылып берилди.
Көмүр алгандардын курамын аз камсыз үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, 100 жаштан өткөн карылар жана багаар-көрөөрү жок улгайган адамдар, Апрель элдик революциясында каза болгон, жаракат алган жана катышкан адамдардын үй-бүлөлөрү түздү.
Үйүнөн чыга албаган майып жана улгайган адамдарга көмүр отуну даректүү жеткирилип берилди.
Жалпы 312 адам көмүр менен камсыз кылынса алардын ичинен 280 адам Нарын шаарынын, 30 адам Нарын районунун тургундары болду.
Элибизди кыштан үшүтпөй алып чыгып кетүү максатында бардык райондорго облус жетекчиси тарабынан ушундай тапшырмалар берилип, иш алып барылууда.
Маалымат үчүн айтса кетсек, Нарын облусунун калкына жана бюджеттик мекемелерине болжол менен 100 миң тоннага жакын көмүр отуну керектелет. Анын 25 миң тоннасы бюджеттик мекемелерге, калган 75 миң тоннасы калктын муктаждыгына жумшалат. Учурда социалдык обьектилерге көмүр отуну толугу менен тартылып бүттү. Ал эми калктын 60 пайызга жакыны көмүр менен камсыздалды.
“Кара-Кече” көмүр кесиминде көмүр казуу иштери жүрүп, көмүр тартуу иштери уланып жатат. Жер-жерлердеги кампаларда сатыкта көмүр бар. Баасы жергиликтүү бийлик тарабынан көзөмөлгө алынууда. Көмүр ала электер эртелеп камдап алуулары зарыл экендигин эскерте кетмекчибиз.
КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.